Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын жанындагы товарларды каттоо пункттарында тиешелүү уруксат кагаздары жок бодо мал, дөңгөлөк жана коон импорттоодо мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде үч жүк ташуучу унаа кармалып, алар 150 миң рублдык 20 дөңгөлөктү жана 1,5 миллион рублга 60 баш малды ташышкан. "Ак-Жол" эсепке алуу пунктунда 120 миң тенгелик 6 тонна коон менен 2 оор жүк ташуучу унаа кармалган.
Импорттоочулардын товарларды импорттоодо салыктык каттоодон өткөндүгү тууралуу салык органынын күбөлүгү болгон эмес. Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык мындан аркы чаралар үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.
2021-жылдын жети айында эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоодогу мыйзам бузуулар боюнча 1883 материал мобилдик топторго өткөрүлүп берилген.