Мамлекеттик салык кызматы 22-декабрда Бишкекте өткөн "Таатан" соода-базар комплексинин кызматкерлеринин кассалык машиналарды орнотууга жана колдонууга каршы митинги боюнча комментарий берди.
Салык кызматы эскерткендей, ушул жылдын 1-июлунан тарта соода борборунун ишкерлери кассалык аппаратты орнотуш керек болчу. Соода аянтчасынын аянты 20 чарчы метрге чейинки чекене соода түйүндөрү өзгөчө болуп саналат, алар үчүн ККМди колдонуунун башталышы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген.
"Салык органдары тарабынан контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө ар бир "Таатан" соодагерлерине керектүү маалыматтар жеткирилди. Бирок субъекттер эч кандай түшүнбөстүктөр жана каршы пикирлерин билдиришкен жок. Тилекке каршы, азыр жеке адамдар салык мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу талаптарды бүтүндөй бизнеске кысым катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат”, - деп белгилешти Мамлекеттик салык кызматындагылар.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө "Таатанда" 208 ишкердик субъекти иш алып барат, анын 45,6%ы өз ишинде ККМди колдонууда.