Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бизнестин салык мыйзамдарына шайкештигин текшеришти. Натыйжада бир сутканын ичинде алар 281 мыйзам бузууну аныкташкан.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө 674 жеке жана юридикалык жактар камтылган, анын ичинен рейддик салык көзөмөлү менен 279у, контролдук сатып алуу менен 395 адам камтылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 36,5% же 102 ишкерден салык мыйзамдарын ар кандай бузуулар аныкталган.