МСК электрондук эсеп-фактуранын ыңгайлуулугун  билдирет

26.11.2019, 11:00 Акчабар
МСК электрондук эсеп-фактуранын ыңгайлуулугун  билдирет

КР Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун катышуучулары ЭЭФ маалыматтык системасы аркылуу электрондук эсеп-фактуралардын таризделишин тестирлөөдөн өткөрө ала тургандыгын билдирди.

«Салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн Салык кызматы өзүнүн www.sti.gov.kg расмий сайтында атайын “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүн түзгөн, ал сайттын башкы бетинин сол тарабында жайгашкан. Көрсөтүлгөн бөлүм аркылуу тесттик сервиске өтүүгө болот, анда долбоордун катышуучулары пайдалануу шарттары менен таанышып, сынамык электрондук эсеп-фактураларды тариздей алышат»,- деп жазылат маалыматта. 

Мындан тышкары, тесттик аянтча төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: www.testesf.salyk.kg.

Эскерте кетсек, электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы эсеп-фактураларды тариздеп, аларды контрагентке реалдуу режимде өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

МСКнын электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоору Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ишке киргизилген. Пилоттук долбоор өткөрүлгөндөн кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын расмий сайтынын “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүнөн же 1240 телефону аркылуу алууга болот.

 

 

Тэги: электронные счет-фактуры ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу