Мамлекеттик салык кызматы автомобиль үчүн навигациялык пломбаларды тестирлейт

28.12.2021, 11:27 Акчабар
Мамлекеттик салык кызматы автомобиль үчүн навигациялык пломбаларды тестирлейт

Мамлекеттик салык кызматы улуттук оператор менен биргеликте өлкө аймагы аркылуу жүктөрдү автомобиль менен ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө.
Пилоттук долбоор 2022-жылдын 15-январына чейин иштейт.

“Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу автотранспорттук каражаттар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин контролдоону камсыздоо жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат”,- деп түшүндүрөт Мамлекеттик салык кызматынан .

Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба эшиктердин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана транспорттук каражаттын жүк турган бөлүктөрүнө илинет. Пилоттук долбоорго Кыргызстандын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – “FORESTER”, “Сибирь Трейд”, “Глобал Риверс”, “Крона Трейд”, “Тобако Маркет”, “Росс Табак” ЖЧКлары катышууда.

Тэги: навигационные пломбы грузоперевозки Кыргызстан ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу