Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан берилген бардык салык декларацияларын жок кылуу процессин аяктады.
Салык кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан жеке жактардын 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынды.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык мамлекет жеке жактар тарабынан берилген салык декларацияларын жок кылууга кепилдик берерин белгиледи.
"Мыйзам өз активдерин мыйзамдаштырган жеке жактарга өзгөчө жеңилдиктерди берет: алар салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана ушул активдер менен байланышкан башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат. Мындан тышкары, алар КР мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат", – деди Алиев.
Активдерди ыктыярдуу 2024-жылдын 9-июнуна чейин декларациялоого болот.