Салык кызматы былтыр дээрлик 20 млрд сом жашырылган салык тапты

06.02.2023, 12:18 Акчабар
Салык кызматы былтыр дээрлик 20 млрд сом жашырылган салык тапты

Былтыркы жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.

Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп.

Мындан тышкары, 2022-жылы республиканын салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы кошуп эсептелген 4,1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн.

Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлер тарабынан салыктарды жашыруу бөлүгүндө келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.

Тэги: экономика налоги косвеные налоги бюджет сокрытие налогов новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу