Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын алдын ала берген маалыматына ылайык, 2020 - жылдын январь айында 4 млрд 832 млн сом салык жана төлөм чогултулган. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
План 100.6 % же 29.2 млн сомго ашыгы менен аткарылган.
Маалыматка ылайык, 2019 - жылдын январь айына салыштырмалуу салыктын көлөмү 185.1 млн сомго көп чогулган. Өткөн жылдын январь айында 4 млрд 864.5 млн сомго салык жана төлөмдөр чогулган. Муну менен катар, МСК 2020 - жылдын январь айында өткөн жылга салыштырмалуу 32.5 млн сомго аз салык чогулткан.