МСК курулуш материалдарды мыйзамсыз ташып келе жаткандарды кармады

10.12.2019, 11:32 Акчабар
МСК курулуш материалдарды мыйзамсыз ташып келе жаткандарды кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктарынан Кыргызстандын аймагына жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүүнү аныкташты. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматы билдирет. 

Алсак, «Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Кароонун жүрүшүндө ар бир унаада 20 кубметр жыгач материалдары болгон. Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болгон.

Ушул эле пукнктта 350 миң сом суммасында сэндвич панелин, 135 миң сом суммасында желдетүүчү аба киргизүүчү материалдарды алып кирүүгө бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

«Ак-Тилек авто жолу» контролдук-өткөрмө пунктунан гипсокартон жана асбест түтүктөрүн ташыган 2 унаа кармалган. Кароо учурунда унаанын биринде эсеп-фактурадагы маалыматтар менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр дал келген эмес: документте 510 даана гипсокартон көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1360 даана болгон. 400 даана түтүк алып келе жаткан экинчи унаанын айдоочусунда электрондук эсеп-фактурасы болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.


 

 

Тэги: КПП граница незаконный ввоз стройматериалы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу