КР Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бюджетке болгон салык карыз 3 млрд 740 млн сомду түзгөнүн билдирди. Бул өткөн жылдын 9 айы менен салыштырып караганда, 1 млрд 51.1 млн сомго көп, өсүү 139.1% түзгөн.
Салык карызын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин, т.а. 7 млрд 609.3 млн сомго чыгарылган 79 миң 184 миң чечимдин ичинен, 56 миң 123 чечим же 2 млрд 623.6 млн сом салык төлөөчүлөрдөн кайтарылган.
Андан сырткары, жыл башынан бери 1 млрд 168.3 млн сомду түзгөн, 1 миң 266 материал сотко өткөрүлүп берилген. Анын ичинен бюджеттин пайдасына 775 млн сомго, 651 материал каралган.
Салыкты убагында төлөбөгөндөргө 9.2 млн сомго, 4 миң 407 айып салынган. Анын ичинен, 3 миң 655 айып 7.4 млн сом төлөгөн.