Голландиялык 14 компания Кыргызстандагы өнөктөштөрдүн санын кеңейтет. Кыргызстанга келген экспорттоочулар 15-17 октябрда Бишкектеги 50дөн ашык айыл-чарба тармагындагы ишкерлер менен таанышышат. Бул тууралуу КР соода өнөр-жай палатасы билдирет.
Тегерек столдо фермерлер голландиялык компаниялар сунуштаган заманбап технология жана продукциялар менен таанышышат. Алар айыл-чарба, күнөскана тармагынан.
«Нидерландия менен соода-экономикалык байланышын өркүндөтүү Кыргызстандын экономикасына жакшы таасирин тийгизет. Бул жолугушуу жана ишкерлик тармагындагы сүйлөшүлөр жакшы жыйынтык алып келээрине ишенебиз», — деп билдирет