Google Кыргызстанда билим берүүнү санариптештирүүгө көмөктөшөт

01.03.2024, 17:47 Акчабар
Google Кыргызстанда билим берүүнү санариптештирүүгө көмөктөшөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google корпорациясынын делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тараптар Google программаларын Кыргызстандын мектептин билим берүү системасына интеграциялоону камтыган пилоттук долбоорду ишке киргизүү боюнча макулдашты. Бул долбоор республика боюнча билим берүү процессин санариптештирүү жана мугалимдер менен окуучулар үчүн заманбап, инновациялык окуу чөйрөсүн түзүүгө карата биринчи кадам болот.

“Google сыяктуу технология боюнча дүйнөлүк лидерлер менен кызматташуу Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Заманбап технологиялык чечимдерди ишке киргизүү билим берүүнүн сапатын жогорулатып, ал ар бир бала үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу болот деп ишенебиз”, - деди Эдил Байсалов. 

Долбоор мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин тыгыз өз ара аракеттенүүсү үчүн иштелип чыккан жана Google Classroom камтыган Google Workspace for Education сыяктуу куралдарды колдонууну камтыйт. Бул курал мугалимдерге билим берүү процессин жекелештирүүгө, башкарууга жана өлчөөгө жардам берет жана Кыргызстандын мектеп системасынын өзгөчө муктаждыктарына ылайыкталат. 

Пилоттук долбоорду ишке киргизүү жакынкы келечекте пландалууда жана ал Кыргыз Республикасында билим берүүнү санариптештирүү жана анын сапатын жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп калат. 

“Google компаниясынын делегациясы Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги үчүн семинар өткөрдү. Өлкө аймактарынан келген 40тан ашуун мугалим билим берүү чөйрөсүндө колдонууга арналган алдыңкы технологиялар жана Google программалары менен таанышты. Окутууну интерактивдүү жана жеткиликтүү кыла турган куралдарга өзгөчө көңүл бурулду”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: Google санариптештирүү билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу