Тоо-кен тармагынын дүң кирешеси 12,1 млрд сомду түздү

23.06.2023, 16:08 Акчабар
Тоо-кен тармагынын дүң кирешеси 12,1 млрд сомду түздү

 

Жакында Улуттук статистикалык комитет тоо-кен тармагындагы ишканалардын 2023-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыгын чагылдырган каржылык маалыматтарды жарыялады. Цифралар көрсөткөндөй, тоо-кен казып алуу ишканалары тарабынан продукцияларды, жумуштарды жана кызматтарды сатуудан түшкөн дүң киреше 12 миллиард 131,4 миллион сомду түздү.

Ошондой болсо да 9 миллиард 156,7 миллион сом продукцияны чыгарууга жана сатып өткөрүүгө кеткен чыгымды түзгөндүгүн айтуу керек. Бул чыгымдарды эсепке алганда тоо-кен тармагынын ишканалары алган жалпы пайда 2 миллиард 974,7 миллион сомго жетти.

Мындай оң натыйжага карабастан, кен казуучу ишканалардын кирешеси менен чыгашасынын айырмасы болгон таза жыйынтык жыл ичинде 57,2%га төмөндөп, 1 млрд 222,5 млн сомго жеткенин белгилей кетүү керек.

Тэги: новости Кыргызстана горнодобывающая отрасль прибыль финансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу