Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы ҮМБга үч тез жардам жана каза болгондордун сөөгүн ташууга бир унаа сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Атайын унааларды алууга 8 миллион 200 миң сом каралган.
Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты.