Токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 97,4 млн сом каралган. Каражат 2022-жылга карата токойлорду көбөйтүү жана коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.
Иш-чаранын алкагында 1130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн айдоо жана себүү, 13 млндон ашык көчөт өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда.
Ошондой эле гидротокойлорду мелиорациялоо, токойлорду патологиялык изилдөө жана питомниктерди химиялык тазалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.