Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен "Бай-Түшүм" банкы кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу мамлекеттик банктын басма сөз кызматы билдирди.
Банктардын жетекчилери долбоорлорду биргелешип каржылоо маселелери боюнча кызматташуунун кеңири перспективаларын белгилешти, ошондой эле кредиттик продуктыларды ишке ашыруу боюнча өз ара пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу маселесин талкуулашты.
Негизги басым аймактарды өнүктүрүүгө жасалат.