«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» уставдык капиталын көбөйтөт

12.09.2023, 17:39 Акчабар
«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» уставдык капиталын көбөйтөт

"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" акциялардын төртүнчү чыгарылышын Кыргызстандын фондулук биржасы – БТС аянтчасында жайгаштырды.

Жайгаштыруу бүгүн, 12-сентябрда болду.

"4 миллион 590 миң 603 даана жөнөкөй акциялардын бир нускасы 1 миң сомдон жалпы суммасы 4 миллион 590 миң 603 сомго жайгаштырылды", - деп белгиледи БТС биржасы.

Эске салсак, "Акчабар" буга чейин сентябрь айында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын дагы 4 миллиард 520 миллион сомго көбөйтө турганын жазган. Бул быйылкы жылдын акыркы жогорулашы болот. Сентябрь айындагы көбөйүүдөн кийин уставдык капитал 16,52 миллиард сомго чейин жогорулайт. Бүгүнкү күндө сумма 12 миллиард сомду түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана Фондовая биржа Кыргызстана биржа БТС Госбанк развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу