Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички займдардын өсүшүнүн эсебинен дээрлик 40 млн долларга өстү

14.01.2022, 10:35 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички займдардын өсүшүнүн эсебинен дээрлик 40 млн долларга өстү

2021-жылдын ноябрь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 904 млн 743,5 миң долларды түздү. Мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан берилген.

Анын ичинен 4 млрд 144,48 млн доллары өлкөнүн тышкы карыз, 64 млрд 463,6 млн сому же 760 млн 263,5 миң доллары (2021-жылдын ноябрь айынын орточо курсу боюнча 84,79 сом) ички карыз.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик карыз 4 млрд 865,85 млн долларга бааланган 2021-жылдын октябрына салыштырмалуу Кыргызстандын милдеттенмелери 38,9 млн долларга көбөйгөн. Өсүш январь айынан ноябрь айына чейин өлкөнүн ички карызынын 3,77%га, же 2 млрд 347,4 млн сомго көбөйүшү менен шартталган.

Ал эми өлкөнүн тышкы карызы 1,83%га же 77 млн ​​130 миң долларга кыскарган.

Кошумчалай кетсек, Финансы министрлиги 2021-жылдын декабрь айына карата маалыматтарды жаңылай элек.

Тэги: госдолг Кыргызстан экономика бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу