Энергетика тармагына мамлекеттик инвестиция 1,4 млрд сомду түздү

17.04.2023, 11:28 Акчабар
Энергетика тармагына мамлекеттик инвестиция 1,4 млрд сомду түздү

Каржы министрлиги 2023-2025-жылдарга энергетика тармагын модернизациялоону, реабилитациялоону жана инфраструктураны курууну каржылоого бөлүнгөн мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында тышкы жардам каражаттары тууралуу маалымат берди.

Алсак, 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча энергетика тармагындагы мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында алдын ала 1,4 миллиард сом өздөштүрүлдү. Анын ичинен грант – 280,2 млн сом, насыя – 1,1 млрд сом.

2024-жылга 10,9 миллиард сом - грантка 2 миллиард сом, кредитке 8,9 миллиард сом, министрлер кабинетин кошо каржылоого 13,9 миллион сом каралган.

2025-жылга 5,1 миллиард сом - грантка 1,2 миллиард сом, кредитке 3,9 миллиард сом, министрлер кабинетин кошо каржылоого 33,3 миллион сом каралган.

Тэги: новости Кыргызстана Минфин энергосектор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу