Мамлекеттик компаниялар 2022-жылы бюджетке 345 млн сом киреше которду

19.04.2023, 09:26 Акчабар
Мамлекеттик компаниялар 2022-жылы бюджетке 345 млн сом киреше которду

Мамлекеттик ишканалар 2022-жылы алган таза пайдасынан бюджетке 345 миллион 40 миң сом которду.

Мында мамлекеттик ишканалардын пайда планы адегенде 678 миллион сом суммасында бекитилген. Кийин 344 миллион сомго такталган.

"Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-февралында кабыл алган токтомунун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кирешеси 334 миллион сомго кыскарды, ага ылайык, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы жана башка бир катар мамлекеттик ишканалар кирешесин бюджетке которуудан бошотулду", - деп түшүндүрдү Каржы министрлиги.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы бюджетке мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан киреше түрүндө 794 миллион сом түшкөн. Муну менен 2022-жылы бюджетке 2021-жылга караганда 2,3 эсе аз киреше түшкөн.

Тэги: новости Кыргызстана деньги экономика бюджет прибыль госкомпании

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу