Бизнес-акыйкатчыга арыздангандан кийин маморган ишкерге акчаны төлөп берди

24.01.2022, 14:17 Акчабар
Бизнес-акыйкатчыга арыздангандан кийин маморган ишкерге акчаны төлөп берди

Ишкер жеткирилген товар үчүн укук коргоо органынын бөлүмү акы төлөөнү кечиктирип жаткандыгы боюнча бизнес-акыйкатчы институтуна арызданган.

Өткөн жылдын август айында комапния мамлекеттик мекемеге 258 миң сомдук товар жеткирип, бирок көрсөткөн кызматы үчүн акысын ала албай калган. Үч айдан ашык убакыттан бери ишкер укук коргоо органынын босогосун аттаганы менен майнап чыккан эмес. Андан соң ишкер бул маселе боюнча Бизнес-акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылган.

“Бизнес-акыйкатчы катчылыгынын кызматкерлери келип түшкөн документтерди талдап чыгып, арызды талдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап, мамлекеттик орган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өз кезегинде алар карызы бар экенин моюнга алышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында укук коргоо органы ишкерге болгон карызын өткөн жылдын аягына чейин толугу менен төлөп бүттү”, - деп билдирет аталган институттан.

Кошумчалай кетсек, ушуну менен ишкердин экинчи жолу маселеси ийгиликтүү чечилди.  Буга чейинки арызынын алкагында ага жети айга кечиктирилген 224 миң сом өлчөмүндө төлөм алакыны алууга көмөк көрсөтүлгөн.

Тэги: бизнес госорганы долги бизнес-омбудсмен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу