Мамкурулуш бюджетти 11 млн сомдон ашык толуктады

19.01.2023, 12:56 Акчабар
Мамкурулуш бюджетти 11 млн сомдон ашык толуктады

Мамкурулушка караштуу Архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти былтыр өлкө бюджетине 11 миллион сомдон ашык каражат түшүргөн. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды. 

Маалым болгондой, 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгында Архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын нормаларын бузган юридикалык жана жеке жактарга 619 буйрук, 491 протокол жана 473 токтом чыгарылган. 

Отчеттук мезгил ичинде 18 млн 711 миң 500 сом өлчөмүндө айыптар салынса, анын ичинен 2023-жылдын 16-январына карата 11 млн 608 миң сом өндүрүлгөн.

Башкармалык сот аткаруучулар менен биргеликте калган сумманы өндүрүү боюнча иш алып барууда. Кийин бул сумма республикалык бюджеттин кирешесине которулган.

 

Тэги: экономика Госстрой штрафы новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу