Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргызстандагы эң коррупциялашкан үч структуранын бири. Бул тууралуу аталган агенттиктин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, бул Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматы.
Улуттук статистикалык комитеттин “Калктын ишеним индекси” изилдөөсүнө ылайык, калк эң аз Саламаттык сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ишенет.