Мамлекеттик мекемелер товарларга жана кызматтарга 63.2 млрд сом жумшашкан

12.02.2020, 09:45 Акчабар
Мамлекеттик мекемелер товарларга жана кызматтарга 63.2 млрд сом жумшашкан

2019-жылы мамлекеттик электрондук сатып алуулар порталында жалпы суммасы 100,5 млрд сомду түзгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууга 118 580 сынак жарыяланган.

Жарыяланган жарыялардын ичинен 63,2 млрд сомго 77 477 сынак ийгиликтүү өткөрүлгөн. Басымдуу бөлүгүн, тагыраак айтканда 53,5 пайызын товарларды сатып алуулар түзгөн, алар 33,8 млрд сомго алынган, жумуштар менен кызматтарга 18,1 жана 11,3 млрд сом сарпталган. Белгилей кетсек, 2018-жылга салыштырмалуу, мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлгөн сынактардын суммасы 6,7 млрд сомго азайган.  

Аны менен бирге Каржы министрлиги белгилегендей, ведосмстволор аралык чечимге жооп катары сатып алуучу уюмдар сынактарды мыйзамсыз токтоткон учурлары көбөйгөн.

«Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алуучу уюмдарга алардын сынактарды токтотуусун КР мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзамына ылайык түшүндүрүп берүүсү жөнүндө циркулярдык каттар жөнөтүлгөн»,-деп билдиришти ведомстводон.

 

 

Тэги: госзакупки экономика Кыргызстан госфинансы бюджетные организации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу