1-октябрга чейин насыя алгандардын каражатын төлөөгө мамлекет жардам берет

11.11.2020, 16:40 Акчабар
1-октябрга чейин насыя алгандардын каражатын төлөөгө мамлекет жардам берет

Каржы министрлиги 1-октябрга чейин берилген жана 100 миң сомдон ашпаган кыргыстандыктардын насыяларын төлөөгө көмөктөшөт. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Кыялбек Мукашев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүнөт. Жарандардын насыясынын үстөгү 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында төлөнөт. Мукашев белгилегендей, 1-октябрга чейин насыя алган Кыргызстандын жарандары кредиттик мекемелерге кайрыла алышат. Бул арыздар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.


“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктар жана банктык эмес мекемелер менен биргеликте иш алып барат. Андан ары, жөнгө салуучу кардарлардын тизмесин каржы министрлигине берет. Андан кийин бул насыяларды төлөө боюнча чечимдер кабыл алынат», - деди Мукашев.

 

Тэги: кредит комбанки Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу