Мамлекет Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзөт

19.09.2022, 09:05 Акчабар
Мамлекет Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзөт

Президент Садыр Жапаров “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жарлыкка ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ага төмөнкүлөр тапшырылат:

  • Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын, анын ичинде ишкердик субъекттердин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон кагылышуу убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, дене-боюна жаракат алгандардын, турак жайынан, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнөн айрылгандардын, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкондордун тизмесин түзүү.

Эске салсак, 17-сентябрдан баштап Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Буга Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу себеп болгон.

Тэги: кыргызско-таджикская граница конфликт на границе Баткенская область Ошская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу