Мэрия мамлекетке 170 млн сомдон ашык зыян келтирген

25.06.2021, 13:00 Акчабар
Мэрия мамлекетке 170 млн сомдон ашык зыян келтирген

Башкы прокуратура тарабынан кыңыр иштин бети ачылды. Анын натыйжасында Кыргызстандын жаранына кымбат баадагы жер тилкеси берилгени ырасталды. Келтирилген зыяндын көлөмү 170 млн сомдон ашык. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкектеги Юнусалиев жана Сухо-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0.95 гектар жер тилкеси мэрия тарабынан 1999-жылы ден соолукту чыңдоо комплексин курууга жеке тарапка мөөнөтсүз колдонууга берилген. Андан соң мыйзамдуулукка жакындатуу үчүн мэрия 2002-жылы жерди 49 жылдык ижарага бекиткен. Бирок 2005-жылы участок борбордук муниципалитет тарабынан 83 млн сомго ата мекендик компанияга көп кабаттуу үйдүн курулушуна сатылган.

Ал эми 2013-жылы компания сотко доо арыз менен кайрылган, анын жүрүшүндө аталган жер тилкесине жеке менчик укугун таануу жөнүндө чечим кабыл алынган, анын негизинде көп кабаттуу турак жайлар курулуп, компания жарандарга батирлерди кымбат баада саткан.

Муну менен мамлекетке келтирилген зыяндын баасы 173 млн сомду түздү.

Тэги: экономика земельные участки ущерб экономике Генпрокуратура КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу