Мамлекеттик бюджеттен дары-дармекке 4 млрд сом коротулат

22.05.2019, 15:48 Акчабар
Мамлекеттик бюджеттен дары-дармекке 4 млрд сом коротулат

Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште маалымат берип, бир нече маселелер боюнча талкуу алышты. Айрыкча, мамлекеттик сатып алуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо талкууга алынды. 

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алууларга айрыкча көңүл бурду. Анда ар бир мамлекеттик сатып алууда жергиликтүү товар өндүрүүчүлор менен кызмат көрсөтүүгө  артыкчылык берилиши айтылды. 

«Мамлекеттик сатып алуунун алкагында борборлоштуруп сатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде иштеп баштайт. Алсак, мамлекеттик казынадан дары-дармектерди сатып алууга 4  млрд сом сарпталат. Бир эле дары ар кандай баада сатып алышы мүмкүн. Бир оорукана 30 сомго алса, экинчи мекеме 300 алышы мүмкүн. А эгер Борбордук сатуу аркылуу жасалса, анда товардын баасы бир болмок. Анда товардын көлөму көп болгон сайын, арзан болуп, сапаты дагы жакшырмак»-деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Борборлоштуруп сатуу  ортомчу компанияларды дагы жок кылмак деп белгиледи өкмөт башчысы. Акционердик коомдордогу дагы сатып алууларга талдоо жасалат. Өзгөчо энергетика, транспорт жана коммуникация тармактарында  ортомчулар болбошу керек деген пикирин билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүн жыйыныда. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу