«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы ЕРӨБдөн 11 млн евро алат

24.04.2023, 15:52 Акчабар
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы ЕРӨБдөн 11 млн евро алат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) “Кыргыз темир жолу” ишканасына 11 миллион евро бөлөт. Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар кредиттик келишимди ратификациялоону жана инвестициялык грант берүүнү жактырышты.

Долбоордун суммасы 12 миллион еврону түзөт, анын 8 миллион евросу кредит, 3 миллион евросу грант, 1 миллион евросу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын инвестициясы экени такталды. Насыя Euribor өзгөрүлмө ставкасы менен 1% менен 12 жылга эки жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен алынат.

Каражат 70 вагон жана рельс сатып алууга, Боом капчыгайындагы 150 метр тилкеге ​​көчкүгө каршы курулмаларды курууга жана темир жолду бекемдөөгө жумшалат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана ГП Кыргыз Темир Жолу ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу