Мамлекеттик каттооо кызматы (МИ «Унаа», калкты тейлөө борборлору, ЗАГС жана паспортко каттоо, почта) 31-декабрь күнү кадимки иш күн катары иштешет жана иш убактысы 1 саатка эрте бүтөт. Бул тууралуу МКК билдиришти.
Муну менен катар, КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан 7-январга чейин бардык мамлекеттик мекемелер үчүн иш күн эмес. 2020-жылдын 8-январынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык мекемелери бекитилген иш тартип менен иштей башташат.