Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдын «Цинмин» салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.
«Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет», - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргызстанга бир гана товарлар өтүүдө.