“Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу 5 млн сомдук алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгууну токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жараны декларациясы жок 848 грамм салмактагы алтын буюмдарын алып өтүүгө аракет кылган.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган алтын буюмдардын баасы 5 млн сомдон ашты”, - деп белгилейт УКМК.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана алтын буюмдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.