Жарандык авиация өлкөнүн учуу коопсуздук программасын жаңылайт

07.12.2022, 12:09 Акчабар
Жарандык авиация өлкөнүн учуу коопсуздук программасын жаңылайт

Улуу Британиянын жарандык авиация агенттиги (UK CAAi) Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттигине Мамлекеттик авиациялык коопсуздук программасын кайра карап чыгуу жана жаңылоого колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле, учуу коопсуздук программасын ICAOнун (International Civil Aviation Organization) акыркы стандарттарына ылайык келтирүү боюнча иштерди баштады. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды. 

Улуу Британиянын CAAi (Civil Aviation Authority) серепчилеринин азыркы сапары Кыргызстандын Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуунун жол картасын түзүүгө багытталганы айтылат. 

Британдык серепчилер ар тараптуу кеңештерди берип, окутууларды өткөрүшөт. Ошондой эле, Улуу Британиянын жана ICAOнун стандарттарынын негизинде жөнгө салуучу системаларды ишке ашырышат.

Кыргызстанда бул долбоор бир нече этап менен ишке ашат. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн авиациялык администрациянын ар кандай багыттары боюнча чет элдик жана ата мекендик эксперттерден биргелешкен долбоордук топ түзүлөт.

 

Тэги: экономика ГАГА гражданская авиация новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу