Каттоо кызматы тез арада биометрикалык чет элдик паспортторду чыгарбайт

06.05.2021, 16:30 Акчабар
Каттоо кызматы тез арада биометрикалык чет элдик паспортторду чыгарбайт

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортун берүү үчүн 5 миңден ашуун арызды кароого кабыл алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 3-майынан баштап калкты тейлөө борборлору Кыргыз Республикасынын жаранынын биометрикалык паспорту үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Биометрикалык паспортту персонификациялоо процесси анкета толтурулган күндөн тартып, 18 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Биометрикалык паспортту кадимки жол менен жасоонун баасы, жарандын жеке маалыматтары өзгөргөн учурларды эске албаганда, 885 сомду түзөт.

Белгиленгендей, учурда биометрикалык паспортту тез арада акы төлөнүүчү негизде даярдоонун жобосу жок. Электрондук жалпы жарандык паспортту шашылыш каттоо ушул жылдын май айынын аягында баштоо пландалууда.

Бирок, Кыргызстандын чегинен тышкары жакка чыгууга муктаж жана шашылыш паспорт керек болгон жарандар 2006-жылы чыккан үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун алуу үчүн кайрыла алышат.

Тэги: ГРС стоимость загранпаспорта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу