Грузия менен Кыргызстан түз аба каттамдарын ачышы мүмкүн

13.07.2023, 15:10 Акчабар
Грузия менен Кыргызстан түз аба каттамдарын ачышы мүмкүн

Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын аэропорттор союзунун директору Ираклий Каркешадзэ менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кутаиси менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ираклий Каркешадзэ белгилегендей, Кутаиси эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнөн улам авиакомпаниялар үчүн жагымдуу болуп баратат. Ал Грузиянын аэропортторунун ассоциациясы Грузия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түз аба каттамдарын өнүктүрүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең бул демилге ийгиликтүү ишке ашарына үмүт артышты.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Кыргызстан Грузия бизнес-форум Грузия авиарейсы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу