Грузия үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтотууну 31-июлдан 31-августка чейин улантуу тууралуу чечимин кабыл алды.
«Киргизилген чектөөлөр Тбилиссинин эл аралык аэропорту (коду ICAO UGTB) жана Мюнхен (EDDM), Париж (LFPG), жана Рига (EVRA) аэропорттору менен жүрүп жаткан эл аралык түз авиакаттамдарга тиешеси жок»,-деп белгилешти жарандык авиация агенттигинен.
Буга чейин маалым болгондой, германиялык Lufthansa авиакомпаниясы 2 августтан тарта Мюнхен-Тбилиси-Мюнхен маршруту боюнча, ал эми франциялык Air France Парижден Тбилисиге жана кайра учуп баштай тургандыгы атйылган. Германия менен Франциядан тышкары, Грузия Латвия, Литва жана Эстония менен үзгүлтүксүз авиакаттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо.
Пандемиядан улам Грузияда 21-марттан 22-майга чейин Өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Андан сырткары, өлкөдө саат 21:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат орногон. Республика 18 мартта чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салган, ал эми 21 мартта баардык өлкөлөр менен авиакаттамдарды токтоткон.