Оор жүк ташуучу айдоочулардын эл аралык деңгээлдеги чип күбөлүктөрү жок

19.12.2019, 09:14 Акчабар
Оор жүк ташуучу айдоочулардын эл аралык деңгээлдеги чип күбөлүктөрү жок

ЕАЭС мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда  айдоочулар үчүн эл аралык жүк ташууга ылайыкталган, айдоочулук чип күбөлүк берилбейт. Бул тууралуу  Соода-өнөр-жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин жыйынында оор жүк ташуучу Ассоциациянын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди.

Анын айтымында, чип күбөлүктүн жоктугунан атамекендик айдоочулар чет өлкөгөдөн айып пул төлөп жатышат. Айып пулдун көлөмү Орусия Федерациясында 10 миң рубль, Грузияда 90 € чейин жетет.

Транспорт министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабеков тийиштүү мыйзам долбоору каралган, бирок каражаттын жоктугунан, ишке ашпай турганын билдирди.

«Адистер билдиргендей, айдоочулардын чип күбөлүгүн жасоого керектүү техникаларды алуу үчүн 800 миң $ керектелет. Аталган сумма өлөнүн бюджетине туура келбей жаткандыктан, бул маселени чечүүгө бир жылдан ашык убакыт талап кылынат», – деп билдирди Нурмат Мусабеков.

Жыйындын катышуучулары аталган инвесторду тартуу сунуштарын беришти. Оор жүк ташуучулар бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракттеерин жумшоого даяр экенин билдиришкен. Эгерде мамлекет жакынкы жылдары  бул маселеге көңүл бурбаса, анда 90дон ашык  компанияда иштеген жарандар башка жумушка кетүүгө аргасыз болушат. Анда өлкөдө 5 миң айдоочуну жумушсуз калат.

 

 

Тэги: Минтранс Торгово-промышленная палата грузоперевозки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу