Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын арзандоосу уланууда. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.
Белгилеg кетсек, 1-марттан 10-мартка чейин күйүүчү майдын бардык түрлөрүнө баа арзандаган.
Тактап айтканда, АИ-80 бензини 0,50%, АИ-95 0,30% арзандады. Ошондой эле АИ-92 0,03%га жана дизелдик отун 0,06%га бир аз арзандады.
АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо наркынын арзандашы Таласта 2,5 сомго, Чаекте 2,7 сомго, Кербенде 1,5 сомго жана Токтогулда 1,24 сомго арзандаганы менен шартталган.