Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаарындагы кызматкерлери тамеки өнүмдөрүн мыйзамсыз саткандарды аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.
Жалпысынан, мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 4 миң 54 куту тамеки алынган.
Чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.