Бажы кызматы электрондук декларацияга өтөт

16.11.2020, 14:40 Акчабар
Бажы кызматы электрондук декларацияга өтөт

Мамлекеттик бажы кызматы түштүк-батыш бажысынын жана Баткен бажысынын базасында экспорттук бажы жол-жобосу менен товарларды аралыктан чыгаруу боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Тутум кагаз түрүндөгү документтерден Бажы кызматы менен ишкер чөйрөнүн электрондук өз ара аракеттенүүсүнө өтүүгө мүмкүндүк берет.

Товарларды бажы декларациясы учурунда электрондук түрдө берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгү электрондук кол тамга менен тастыктала тургандыгы белгиленет.

Электрондук декларацияга өтүүнүн негизги максаты, биринчиден, бажы операцияларынын убактысын кыскартуу, ошондой эле экспорттоочулардын бажы операциялары менен байланышкан каржылык чыгымдарын кыскартуу. Экинчиден, бул долбоордун максаты - бажы кызматкери менен экспорттоочулардын ортосундагы жеке байланышты жокко чыгаруу.

Мындан тышкары, бажы кызматкеринин аракеттери Бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумундагы каротаждык аракеттер менен толук көзөмөлгө алынат. Товарларды аралыктан чыгаруу технологиясын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен каражат сарпталбагандыгы айтылат маалыматта. 

Тэги: ГТС Год цифровизации экспорт электронная подпись экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу