Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси дрон сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болду.
Тендердин баасы 9 миллион 300 миң сомду түзөт. Бул суммага агенттик учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппараты (8 миллион сом) жана квадрокоптер (1 миллион 300 миң) менен учкучсуз учуучу комплекс сатып алууну көздөөдө.