Пакистан Кыргызстанга 18 миң долларлык дары-дармектерди жөнөттү

09.12.2020, 11:30 Акчабар
Пакистан Кыргызстанга 18 миң долларлык дары-дармектерди жөнөттү

5-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармектер жана медициналык буюмдар жөнөтүлгөн.

«Элчилик Ковид-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет», - деп жазылат маалыматта. 

Тэги: Кыргызстан Пакистан элчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу