Хорватиянын ири холдингдери Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар. Бул тууралуу Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен болгон жолугушууда билдирди.
Шабанович белгилегендей, аларды көбүнчө кубаттуулугу 0.5 мегаваттан 150 мегаваттка чейинки чакан ГЭСтердин курулушу кызыктырат.
Өз кезегинде, Инвестициялар министрлиги Хорватия тарапка экономиканын ар кайсы тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кароону сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдиришти.