Британиянын премьер-министри Тереза Мэй АКШ эскертүүсүно карабай, Huawei Кытай компаниясын бешинчи муундагы байланышты иштеп чыгууга катышуусуна жол ачты. ТАСС маалымат агентиги The Daily Telegraph таянып жазып чыгышты.
Улуттук коопсуздук кеңеши премьер-министр баш болуп, улуттук телекоммуникация системасына кытай компаниясына чектелүү кирүу укугун беришти. бул өкмөттун айрым мүчөлөрүн тынчсыздандырды. ИИМдин башчсы Саджид Джавид, Тышкы иштер министри Джереми Ханта жана Коргоо министри Гэвина Уильямсондор бул чечимди жактырышкан жок.
Буга чейин Американын чалгындоо кызматы Биританияга Huawei компаниясы кытайдын атайын кызматынан каржыланат деген маалыматты беришкен. Бирок, бул фактылар негизсиз деп ага көңүл бурушкан жок.
Huawei техникалык тыңчылык жасады деп күнөөлөп, АКШ менен Австралия айтып чыгышып, бул чырдын айынан Канадада компаниянын финансы директору Мэн Ваньчжоу кармалган. Аны Ирандагы санкцияга каршы иштеди деп шектенип жатышат.
Huawei корпорациясы 1987-жылы негизделген. Алар телекоммуникациялык жабдыктарды, смартфондор менен элге керектелүүчү товарларды өндүрушөт.