Быйыл январь-апрель айларында пенсияларды каржылоо 23 млрд. 640 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун I кварталдагы отчетунун жыйынтыгы боюнча маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда пенсиялык төлөмдөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Ош шаары - 841,7 млн. сом;
- Талас облусу – 986,5 млн. сом;
- Нарын облусу – 1,8 млрд. сом;
- Баткен облусуна - 2 млрд. сом;
- Ысык-Көл облусуна – 2,1 млрд. сом;
- Чүй облусуна – 3,5 млрд. сом;
- Бишкек шаары - 3,7 млрд. сом;
- Жалал-Абад облусу – 4,1 млрд. сом;
- Ош облусу – 4,4 млрд. сом.