Былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмү алдын ала эсептөөлөр боюнча дээрлик 919 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га өскөн.
Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында ички дүң өнүмүнүн өсүшүнө тейлөө тармагындагы соода көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.
“Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда ИДӨнүн көлөмү болжолдуу түрдө 860 млрд сомду түзүп, 5,9%га өстү”,-деп айтылат маалыматта.