IFC менен Кыргызстан күн станциясын өнүктүрүүдө кызматташат

18.01.2023, 10:45 Акчабар
IFC менен Кыргызстан күн станциясын өнүктүрүүдө кызматташат

Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен министрлер кабинети кубаттуулугу 100-150 МВт болгон күн станциясын иштеп чыгууда кызматташат. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Дүйнөлүк банк тобунун "Күн энергиясын масштабдоо" долбоору өлкөнүн энергетикалык балансын жакшыртууга жана өсүп жаткан ички жана аймактык суроо-талапты канааттандыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну жогорулатууга багытталган.

"IFC пилоттук күн фотоэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке сектордун тажрыйбасын жана капиталын тартуу максатында Энергетика министрлигине жана Экономика министрлигине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) түзүүгө жардам берет", - деп айтылат министрликтин маалыматында. 

Долбоор күн фотоэлектр станцияларын курууга жеке инвестицияларды тартат деп күтүлүүдө, бул камсыздоону жакшыртып гана тим болбостон, өлкөгө жеке сектордун инвестициясын көбүрөөк тартуунун ачык-айкын механизмин түзөт, аны башка секторлордо ийгиликтүү кайталоого болот.

Кошумчаласак, "Күн энергиясын масштабдоо" долбоору Өзбекстан, Сенегал, Замбияда ийгиликтүү ишке ашырылган.

Тэги: новости Кыргызстана ГЧП IFC

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу