“Ихсан-Орикс” ЖЧКсы биринчи чыгарылыштагы облигациялар боюнча кирешелерди төлөп жатканын жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Кирешелерди төлөө 2022-жылдын 10-октябрынан тартып ишке ашырылат.
Облигациянын номиналдык баасы 1000 сомду түзөт.
Бир облигациянын кирешелүүлүгү (1 чыгарылыш) жылдык 18% түзөт.
Пайыздар “СЕНТИ” финансы компаниясынын кеңсесинде төлөнөт.
“Ихсан-Орикс” ЖЧКсынын облигацияларынын биринчи чыгарылышы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 2018-жылдын 29-июнунда катталган.
osoo.kg сайтынын маалыматы боюнча, бул ЖЧКнын директору Замира Урустамова, ишкана 2018-жылдын 16-ноябрында кайра каттоодон өткөн. Иштин түрү - курулуш материалдарын жана сантехниканы дүң жана чекене сатуу.