2019-жылы импорттолгон товарлардын көлөмү 10,8 млн $ азайган

17.12.2019, 10:15 Акчабар
2019-жылы импорттолгон товарлардын көлөмү 10,8 млн $ азайган

КМШдан  импорттолуп келген товарлардын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 10,8 млн АКШ долларына азайып, 1 млрд 717,4 млн долларды же жалпы импорттун көлөмүнөн 47%  түзгөн. КМШ өлкөлөрүнөн сырткары келип түшкөн товарлар 277,6 млн долларга азайып, 1 млрд 934,8 млн долларды (53%) түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Импорттолгон товарлардын ичинен синтетикалык кездемелердин көлөмү 5 эсеге, кийим жана кийимге керектүүлөрдүкү 1,9 эсеге, бут кийим 1,5 эсеге, чай 14,3 пайызга, шоколад жана како камтыган даяр тамак аш продукциялар 4,5%, сахар 38,6%, транспорттук каражаттарга дөңгөлөктөр 17%, таш көмүр 42%, кир жуучу каражаттар 29,9%, пластмассадан жасалагн буюмдар 7,6%, минералдык жана газдалган суу 1,7% азайган.

Тэги: импорт товар көлөм КМШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу