Кыргызстанга автоунаалардын импорту үч эседен ашыкка көбөйдү

02.08.2022, 10:52 Акчабар
Кыргызстанга автоунаалардын импорту үч эседен ашыкка көбөйдү

Кыргызстан Түштүк Корея, АКШ жана Орусиядан автоунаа импортун көбөйттү. Эң чоң өсүштү Грузиядан жеткирүүлөр көрсөткөн. Бир жылдын ичинде алар 18 эседен ашык өстү. Маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланды.

Январдан майга чейин Кыргызстанга 8 миллиард 432 миллион сомго же 98,5 миллион долларга 13 миң 868 унаа алынып келинди, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3,3 эсеге көп. Анда өлкөгө 4 миң 267 автомашина кирген.

Кыргызстанга 30 мамлекеттен унаа алынып келинет, бирок негизги агым саналуу гана өлкөлөрдөн келет.

Орусиядан келген унаалардын орточо баасы 1,1 миллион сом, АКШдан – 836,2 миң, Грузиядан – 103,7 миң сомду түзөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу